жылдыр
- Кандайдыр бир нерсени ордунан козгоо, экинчи бир жерге которуу, илгери карай түртүү.
- Акырын, жай, илкитип айдоо.
- Тымызын, астыртан иштөө, билгизбей аракет кылуу, астыртан кеп-сөз жөнөтүү.
- Алга, жөнөтүү, илгерилетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жесекчи келип жүрү деп, / Алып келип чатырга, / Боортоктотуп жылдырып, / Тобо-томук кылдырып, / Ал бешөөнү киргизди, / Көкбөрүнү үстүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…октуларда топ болсо, / Коркуп балдар боздосо, / Эркин басып бээ саабай, / Керилген келин, боз улан, / Жер кемерде жок болсо, / Менин баатырлыгым бекер!”–деп, / Жылдырып тууну көтөрүп, / Ээн жайлоонун айагы, / Ак шорго түшүп кетем, деп, / Баатырың элдин камын жеп, / Болгун аман баарың, деп, / Бастырмак болгон кезинде, / Медерка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Шапыракты жылдырып, / Амалын тилеп калчанын, / Алып бара жатканын, / Көрүп калып эр Чубак, / Токтоо кылбай жан чыдап, / Кууп кирди артынан, / Көк бууданды камчылап, / Бастырбай турат дөбөттөр, / Алды-артынан борбуйлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кескелдирик жойлосо, / Кере кулач жыландай, / Жыландары жойлосо, / Жылдырып аркан тарткандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Султаналы жолоочу айткан чоң ташты ордунан жылдырып коюп, дагы колун ийнине чейин төмөн карай салып, төмөнүрөөк жибергенге коркту.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →