жылгындуу
- Жылгын өскөн, жылгын көп чыккан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
тултуйуп, / Топтомолок мултуйуп, / Бадана кийип сурданып, / Буттап темир курчанып, / Эске алганда Калдыкты, / Ичинен сызып муңканып, / Күүгүм кире күн бата, / Жылгындуу Кеңкол, Таластан, / Жеринен чыкты аттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жылгындуунун бойуна, / Үч Кошойдун ойуна, / Чатырды тигип салышты, / Тайарланып калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жылгындуу Кеңкол жериңде, / Жергенин Сарыталаада, / Дасторкондун бетинде, / Ок тиштешип антташкан, / Нан тиштешип шартташкан, / Антыңды кандай актайсың, / Аны эсиңе түк албай, / Алмаке, сен жериңди мактайсың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз алаштан, / Жылгындуу Кеңкол, Таластан, / Айкөл Манас салдырган, / Падышалык алтын так, / Сыйкыры артык коргондон, / Ак булуттун укулу, / Арстан шердин тукуму, / Аттанып чыкты ушул чак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Уулуңдун аты Сейитек, / Он экиге чыкканда, / Күлчоро экөө биригип, / Мында келди, энеке, / Ак калпак кыргыз элди деп, / Жылгындуу Кеңкол жерди издеп, / Абакем менен сени издеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →