жылгача
- Кичинекей жылга, жылга сыяктуу салааланып кеткен жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өмүржандын Кызылкыз, / Сыйкырлап алып берет, деп, / Анык билем барарын, / Беш жылгача жыйнасын, / Колунан келчү тарабын, / Тажик менен маңгыттын, / Кетирет булар амалын, / Ойуна Калдык албайбы, / Оодарылып көр дүйнө, / Бир айланып келгинче, / Маңгыт деген уруунун, / Ооздон түшүп каларын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арстан бала Бекбача, / Ачыныштуу кеп угуп, / Лопнурдагы кыргызды, / Таңгыт чапты деп угуп: / “Жедигер, маңгыт элдери, / Жерине кеткен самсалап, / Беш жылгача ошолор, / Кылчайып артын карабас”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кире албады шаарга, / Ичи күйүп арданып: / “Тыштан киши киргизбей, / Бир жылгача тосойун, / Ач калганда чыкпайбы, / Бирин бирге кошпойун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кырк жылгача бузулбай, / Жыргап жалпы ойноду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтарга шайы болбоду, / Жеңеңдин көр амалын, / Курсактагы баланы, / Эр Гүлчоро абалын, / Он жылгача сүйлөбөс, / Байлаган тилин карагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →