жылаңайлак
- Бут кийими жок, жыңайлак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен ошондо туйгамын, / Жылаңайлак айда деп, / Мен андыктан айтканмын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Деп айтканда келгендер, / Атынан сүйрөп алышты, / Ордодогу жигиттер, / “Залкарлуу киши Кикимат, / Санатсыз киши Кененим” / Ооз айбыңа, ушу, деп, / Оролонуп урушту, / Жылаңайлак жүгүртүп, / Кененимдин алдына, / Алып келип турушту, / Болгон иштин баарысын, / Кененимге угузду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Атсаң Чубак аткын, — деп, / Акырын жылып баскын, — деп, / Чубакты жолго салыптыр, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Алмамбет анда калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баатыр болсоң бир күндүк, / Жарым күнгө калтырбай, / Эки колуң байласам, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Тартаңдатып кубалап, / Таласты карай айдасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →