жылас

китептерде 25 жолу, 9 китепте
  1. Жек көргөндө, тилдегенде же башка учурларда «оңбогур», «түгөнгүр», «кудай алгыр» маанисинде колдонулат.
  2. Жок болуп, жоюлуп, куруп бараткан абал, оор, катаал, мүшкүлдүү кыйынчылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кебиңдин айткын ырасын, / Кеп жашырып калп айтсаң, / Чыгарамын жыласың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыгарат окшойт бадырек, / Гүлчоронун жыласын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сатай кайдан айанды: / — Жыйылды, баатыр, биздин эл, / Сырыңды билбей жанашып, / Жылас болду нечендер, / Карапайым киши эмес, / Калк башкарган белдүүлөр, / Азуусун айга жаныган, / Мен элемин дегендер, / Сүйлөп жаагы талбаган, / Кызыл тилдүү чечен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ушулардын катары менен Башарин, Василий, Метрейдин үйжайларынан, бал челектеринен, үйүп койгон сары кыр чөптөрүнөн ыпын неме калбай күйүп, малдары жоонун алдына түшүп, Кызыл-Кыянын бети бүгүн жылас болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эси чыгып чочуп жүргөн, токтоно албай качып жүргөн жырткычтын баарын жолго салып, жылас кылды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →