жык2
- Тике, буту менен турган абалынан кулап калган, жатып калган же сулап түшкөн абалга келтирүү.
- Жеңип чыгуу, жеңишке жетишүү, баш ийдирүү, багынтуу, жеңүү.
- Негиздүү, жүйөлүү болсо же болбосо да төлөөгө, айып тартууга, чыгым берүүгө ж.б. дуушар кылуу.
- Минген унаасын тартып алуу, мингенин тартып алып жөө калтыруу.
- Жыгылыштуу абалга келтирүү, кемчилигин, сөзүнүн орунсуз болгондугун моюнга алууга аргасыз кылуу.
- Сууну арыкка буруу, кулак байлоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аластагы урушта, / Кененимдин аскери, / Тааныгандын бири экен, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Мас болуп Көкчө жыгылды, / Баатыр Алмаң не кылды?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Гүлчорону кучактап, / Гүлүстөн, абаң Семетей, / Көзүнөн кетет мончок жаш) / Тууганга чыгат тууган кас, / Карынын кебин албаган, / Жакшы болбойт ошол жаш, / Жыгылганым билемин, / Эми көрдүм силерди, / Орто жерде кандай иш, / Не болгонун билбеймин, / Түш көргөндөй элестейм, / Акшумкар алып колума, / Тайбуурул минип жүргөнүм, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мен барганда экөө бир уйду жыгып салып, терисин сыйрып жаткан экен, Мен кошко жакындай бергенде, көрүп калып Жапаркул:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →