жыйын1
- Жыйылыш, жыйылган эл, элдин чогулган тобу.
- Бийлик башында тургандардын, ар кандай өкүлдөрдүн катышуусу менен айрым маселелерди чечүү үчүн чогулган чакан жыйналыш, топ, кеңеш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыйын курба талаада, / Өөдүк-сөөдүк кеп айтып, / Жакын болбо жалаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Анткен менен Мөңкөтай, / Таамай кебин салалбай, / Айылда жыйын, топ болсо, / Түз эле басып баралбай, / Мадыбектин алдына, / Барбай туруп алалбай, / Алапайы куурулуп, / Жүрүчү эле ал мындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Кылжейренди сурабай, / Кызыкка орток курдаштай, / Алып кетип мингенде, / Ишенем эрге, дегенде, / Алда кандай адам, деп, / Акылда ойлоп калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үйдөй чокмор колго алып, / Үйүлгөн жыйын топ болсо, / Ошону көздөй чуратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эки күн өткөндө асманга батпаган көп көгүчкөндөр келип баягы чоң дөбөгө конору менен адам болушуп, көпкө шектенип турушуп, акыры жыйынына киришти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →