жыйылуу
- Жыйып коюлган, тартипке келтирилип, жыйыштырылып коюлган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айылга келе калышып, / Аттан түшүп алышып, / Боорго колу жабышып, / Чачыкейдин алдына, / Кабар айтып барышып, / Тоңкучуктап жатканда, / Төбөсү жетип асманга, / Келберсип кыйын шаттанып, / Келген элге мактанып, / Ал долу катын Чачыкей, / Жыйылуу жүктө сарпайдан, / Бешти каттай кармады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, жабдыктар, / Ок өтпөс кийим олпоктор, / Коргондо экен жыйылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →