жый

китептерде 739 жолу, 10 китепте
  1. Бир жерге чогултуу, топтоо, үйө жыйноо.
  2. Эгин тегинди, түшүмдү ж.б. жыйнап алуу.
  3. Үйдүн ичин иретке келтирүү, жууркан-төшөктү, идиш-аякты ж.б. жыйыштыруу, жай-жайына коюу.
  4. Топтолушкан, чогулушкан абалга келтирүү, чогултуу.
  5. Баш коштуруу, бириктирүү.
  6. Бириндеп, таралып кеткен нерселерди жыйноо, бирөөлөрдөн алына турган нерселерди жыйнап алуу.
  7. Көбөйтө чогултуу, топтоштуруу.
  8. Күчтү, кайратты ж.б. топтоштуруу, толуктоо.
  9. Калыбына келүү, мурункусундай болуу, кадимки калыбына келүү.
  10. Жыйрылган, тартылган абалга келтирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ханы жок кара букара, / Камалда калган колго окшош, / Эри жок ээн калган журт, / Эс жыйа элек бала окшош. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Алты күн уктап күнү-түн, / Аскердин баары туруптур, / Эмики болор жумушка, / Алакең көңүл буруптур, / Аскерди жыйнап Алмамбет, / Айтты кебин мындай деп: / — Азыркысын зор душман, / Оркундун улуу суу деймин, / Күндү жайлап кечпесек, / Жан калбайт деп ойлоймун, / Азыр болуп баарыңар, / Ат-атыңды байлап ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчоронун тушунда, / Бийдин бири Оболбек, / Элди айап калам деп, / Күндө жүрдү токмок жеп, / Уктабай өттү кырк күнү, / Күмбөздөн тосуп алууга, / Ой-тоодон элди жыйам деп, / Келе турган мейманга, / Айлынча кызмат кылам деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна, түгүн сыртына жыйнап, ачууланып тактайды муштагылап: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →