жыгач

китептерде 133 жолу, 10 китепте
  1. Сөңгөктүү келип бутактанып, айрым-айрым өзүнчө түп алып чыгуучу карагай, кайың, тал, алма сыяктуу бийик өсүүчү өсүмдүктөрдүн, ошондой эле сөңгөгү бир кыйла жоон келип бадал түрүндө чыгуучу көп жылдык өсүмдүктөрдүн жалпы аты, бак-дарактарга карата колдонулуучу жалпы ат, бак.
  2. Ушундай өсүмдүктөрдүн устун, тактай ж.б. түрүндөгү ар кандай керектөөлөргө жумшалуучу, эмеректер жасалуучу, оттун жана курулуш материалдары катарында колдонулуучу бөлүгү.
  3. Нерселердин, буюмдардын ж.б. ушундай материалдан жасалгандыгын, тегин билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Хан Калдыктын ар кескен, / Ачуусу келсе нар кескен, / Жыгачка чапса таш кескен, / Көөдөнгө чапса баш кескен, / Каарданып хан Калдык, / «Такырбашты» кетирбей, / Таарый чапсам экен, деп, / Кармай алды сабынан, / Тартып алды… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Усталарды жыйыңар, / Жыгачтарды кыйыңар, / Көпүрөнү бүтүрүп, / Бир жакшылык кылыңар, / Каныкейдин иши деп, / Кылымга калсың мунуңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жан-жаныбар тура албай, / Үн салышты чуркурап, / Камыштын башы куулдап, / Жыгачтын баары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
- Жыгачты түбү менен жулам, үйдү кулатам, отту чачам... Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →