жыга

китептерде 42 жолу, 9 китепте
  1. Куштун чокусундагы таажы.
  2. Мансаптык же хандык белги: кандын атайын баш кийими, же баш кийимге тагылуучу асыл таш, куштун канаты.
  3. Аялдардын кооздолгон баш кийими, же кооздолгон баш кийимге сайылган үкү, куш канаты ж.б.
  4. Мөөргө тартылган атайын белги – эн. Кээде кандык белги тартылган мөөр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бел болуптур Бекбача, / Абалаган таз кара, / Ашып учуп кеткисиз, / Томуруп адам жыга албас, / Тоо болуптур Бекбача, / Кайберен басып өткүсүз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алтымыш алты алпым бар, / Кесилеттен башкасы, / Тең келеби Кененим, / Жалгыз кара бир башы, / Өлтүрүп койсом бул жерде, / Жанында караан киши жок, / Кыла турган көз жашы, / Жыга чаап Кененди, / Өлтүрүп койуп нетемин, / Не муратка жетемин? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…кыз жандап, / Күлкүм менин кана элек, / Байгеге сайган мал-пулуң, / Керек эмес ушунуң, / Кимиң алсаң, аның ал, / Чатагы жок бөлүп ал, / Сенин камчың болбосо, / Жыга албайт элем, кабылан, / Көбүрөөгүн өзүң ал,- / Агыштан угуп бар кепти, / Байгени бөлүп эл кетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…белип, / Тапан хандын элдери, / Ооруганы басылып, / Оңолгонсуп белдери: / — Атаны кайран кызыл лөк, / Адамдай мында өнөр көп, / Аты менен Сейитти, / Өңгөчөктөп жыгат, деп / Топого башын тыгат, деп / Чойтолоң менен Тазкара, / Алдары кандай болот? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Шааысмайыл дагы жыгат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →