жууша

китептерде 42 жолу, 10 китепте
  1. Бир орунда тынч алып жатуу же ордунан козголбой тынч туруп калуу, тынч алып көшүлгөн абалда болуу.
  2. Төшөлө жыгылып калуу, жыгылып боо түшкөн абалда болуу, жапырт кырылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…кынча, / Өлгөнүм жакшы менин, деп, / Өлүмдөн туура шек кылбайт, - / Көрбөсөм өмүр мейли, деп, / Төшөктө чалдар туйлабай, / Беймаал бала ыйлабай, / Желеде жылкы жуушабай, / Кемпирдин болбой көөнү жай, / Кымыз ичип, тай сойуп, / Кызыкта жүрбөй уландар, / Кызмат кылдым элге, деп, / Кыйынсып жүрүш бул кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бир колу бар, бири жок, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Бир буту бар, бири жок, / Опасы жок дүйнө бок, / Денеси калып башы жок, / Теңи калып, теңи жок, / Кулагы жок мулуйган, / Бузулуп мурду бучуйган, / Көзү чыгып олойгон, / Башы жок мойун коройгон, / Өлүп жаткан эрди көр, / Жуушаган койдой торойгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камчы менен бир салып, / Алда минген бууданды, / Кыйкырып Чубак качырды, / Жалаң кылыч колго алып, / Сүйрөтүп жаткан Сыргакты, / Канча кабат тор салган, / Каңкайтып ээрин жуушатып, / Элүүнүн башын бир кесип, / Узунунан сулатып, / Өрдөк кууган шумкардай, / Чубак жүрөт чуратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жоо келди көрдүң далбактап, / Эки путу салбактап / Койо берсек бу жерден, / Таласка шыдыр барбайбы, / Уктап жаткан тынч элге, / Жуушап жаткан көп малга, / Төрдө олтурган чалдарга, / Жылаңач көтөн балдарга, / Чоң мүшкүлдү салбайбы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Койлор жуушап калган кезде, Беккул экөөбүз бери жакта калып, кожоюн эки малайын ээрчитип алып, арабасын көздөй кетти. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →