жууркан
- Ортосуна жүн же кебез салынып, ичи-сырты кездемеден кабылып тигилген, жатканда жамынып жатуучу төшөнчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Те маңдайкы макмалга, / Салып койгон жуурканга, / Олтурду Ажым түз бара, / Малдашын бузбай балпайа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Ушундай экен турбайбы, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Азарланып Айчүрөк, / Кабагын түйүп сумсайып, / Шамал чыкчу булуттай, / Бузулуп өңү кумсарып, / Алдындагы жууркандын, / Катмарына кол салып, / Кадимки шамшар – ак тимте, / Сууруп чыкты чунайтып: / — Каратып туруп балаңды, / Канжар менен жарбасам, / Андан кийин өзүмдүн, / Жүрө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Азык арткан Акборчук, / Кош жүктөгөнү төрт жорго, / Азык алган алты бээ, / Алты жууркан, беш мамык / Аны арткан Айбанбоз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кийин алган кыз катын, / Өзүм турган жеримде, / Айылымдан чыккан өз катын, / Кештелүү жууркан, ак шейшеп, / Төрөр күнүм болорбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Алдыбызга күндөгү көнүмүш кара кийизди жая салып, үстүнө бир жаман жуурканды таштай коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →