жуурат

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Койдун ынак сүтүнөн уютулган айран.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жайдын күнү болгондо, / Айран- жуурат, каймак, бал, / Күндүз- түнү жегени, / Кысыр эмди азоотай, / Сүткө бышкан коозудан, / Кыштын күнү жегени, / Кеткен кызы, куыйма жал, / Майлуу уча, карчыга, / Сары май, бал, экчеме, / Боорсок, куймак, токоч нан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Ал киши ар күнү эртең менен мөөнгө жуурат куюп алып, эчкисин жайып кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Түлкү келип Макмутту куйругу менен жыга чаап, жууратын ичип, карышкыр тиштеп жыгып алып бир эчкисин жеп кетүүчү экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →