жуук

китептерде 20 жолу, 7 китепте
  1. Алыс эмес, аралык өлчөмү, мезгили, ж.б. жагынан алганда жакын.
  2. Жылдын мезгилин, кандайдыр бир убакыт маалын билдирген сөз менен кошо айтылып, ошо мезгилге жакын убакыт өлчөмүн көрсөтүүдө колдонулат.
  3. Кууш, тар. Түбү терең, оозу жуук, Үңкүр жайы мына бу («Сейтек»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ «Көйнөктүн кирин жууганда, / Көңүлдө сырды айтканда, / Көөдөндүн чери кетер» — деп, / Айтса-айтпаса карынын, / Бул макалы ырас кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жапалдаш сары чечекей, / Апийинден кем эмес, / Эрмен менен боз куурай, / Кайнатып суусун жууганда, / Териге желди жуктурбай, / Көлү менен күлепше, / Көп экен дары бул жерде, / Тал мыйа менен кекире, / Табылбайт бизде дегеле, / Сандап жатат ар жерде, / Дары эсептеп билесе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ошол күндөн күзгө жуук, / Калган экен мал тунуп, / Кырк атты бөлүп айылга, / Кишисин санап топ кылып, / Бышырып жеп ташташты, / Бир эле түнү жок кылып, / Жалгыз Мажик көтөрдү, / Чогу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Кечке жуук. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө баягы митайым вазир келип, баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын сакчылар угуп, аны ханга айтып барышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →