жуу

китептерде 148 жолу, 10 китепте
  1. Суу же суюктук менен бир нерсенин кирин, майын ж.б. артуу, чайкоо, тазалоо.
  2. Суюк нерсе (кан, жаш ж.б.) жаба агуу, каптоо, көп чыгуу.
  3. Суу, суюктук көп болуп, майда тозоңдорду, топуракты ж.б. агызып кетүү.
  4. сүйл. Жаңы буюм алганда, кийим-кече кийгенде, кызматка орношкондо ж.б. ал жаңылыктарын, ийгиликтерин тамак-аш берүү, ичкилик ичирүү жолдору менен белгилөө, майлоо.
  5. өт. Күнөөсүн, айыбын актоо, андан арылуу аракетинде болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тилин салып акактап, / Суу ордуна кан жалап, / Өлүп жатат нечен жан, / Ачып- жуумп көздөрүн, / Солуп жатат нечен жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
- / Ажыкең ойу чачылып, / Ичи кыйын ачынып, / Хан Бакайдын кашына, / Жетип келди шашылып, / Жалпы чоро бар экен, / Терин аарчып аттардын, / Жууп жаткан асылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өлүгүн жерден ала албай, / Ак кепиндеп, аруу жууп, / Өкүрүп ыйлап, кеме албай, / Табалбай аны биз койдук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мунусу бетиңди жуу дегени окшойт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кыз таздын башын жууп, тарап айыктырат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →