жутун

китептерде 21 жолу, 8 китепте
  1. Алга карай катуу обдулуу, жулуна басуу же чыгуу.
  2. Бир ишти иштөөдө ыгы жок үзүлө түшүп аракет кылуу, напсиси бузулуу, катуу умтулган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калыбектен кутулуп, / Суумерген кетти жутунуп: / «Калыбек барса кыргыздын, / Бирин койбой кырат, — деп, / Ишим менин оң экен, / Төртөө барса чогулуп, / Кыргызга бүткөн шор экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Эсирипсиң, Калтырбаш, / Эркиңе койуп далай жыл, / Каман болуп талаада, / Жетилипсиң, Калтырбаш, / Доңуз болуп корсулдап, / Кутурупсуң, Калтырбаш, / Бөрү болуп жутунуп, / Бузулупсуң, Калтырбаш! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атым тапан хан туруп, / Бойго жеткен сулуу кыз, / Алдыма келсе баш уруп, / Айтканын көрчү кыргыздын, / Ач бөрүдөй жутунуп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Сегиз салды оозуна, / Тойбой калды жутуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деп, керегеде турган камчысын көздөй жутунганда, табагын көтөрүп алып, Жанымжан эшикти карай жөнөдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →