жуткуч
- Бирөөнү жаман көргөндө жан алуучу, өлтүрүүчү, жалаңкыч, ырайымсыз, түрү суук маанисинде айтылган сөз.
- Жеп-ичкич шылуун, жегич, ач көз, алкы бузук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атымды уксаң, Көкбөрү, / Элдер айтат жуткуч деп, / Кыргыздан кунун кубам деп, / Атайын келдим ушул кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көкбөрү жуткуч жол баштап, / Хан Каракөз кол айдап, / Жер сойулуп дүңгүрөп, / Байрактары желбиреп, / Коросон, испан, тажиктин, / Чамалаш тили бир экен, / Баарысынын үстүндө, / Көкбөрүсү пил экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →