жуткун1
- Кызыл өңгөч, кекиртектин жалпы аталышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жакшы менен жаманды, / Батырчуунун бири экен, / Касташкандын тилегин, / Катырчуунун бири экен, / Ойносо кумар уткундай, / Өчөшкөнүн өлтүрүп, / Өчтөшсө башын жуткундай; / Магырып менен машырык, / Жайып колун сунгундай, / Он сегиз миң ааламды, / Оңуна келсе туткундай, / Кезенишкен немени, / Жерге кирип кетсе да, / Чачынан тарт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…н, / Бойу тоодой керилген, / Бели кындай кең белбоо, / Кебез өтүк Кендирбай, / Аркасында айдары, / Тору айгырдын жалындай, / Көзү көлдүн буткулдай, / Көрүнгөнү жуткундай, / Жанказандай башы бар, / Жаткан иттей кашы бар, / Сакалы саадак кабындай, / Жакшы чыккан муруту, / Чоң балтанын сабындай, / Салкыны сырттын желиндей, / Сайыш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өзү да бар бир тоодой, / Өчөшкөнүн куткарбай, / Өжөрлөнсө кишинин, / Өзүн бутун жуткундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Капшыра кармап Абыке, / Алып келди чаначты: / — Өз колу менен Тынымкан, / Куйуп берген мага, — деп, / Кудай буйруп койуптур, / Бул кымызды сага, — деп, / Жолукпасаң сен бүгүн, / Көрөт эле талаа, — деп, / Баса жуткун, Сомбилек, / Көз толтура кана, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Үпүп жүткунүп учуп, тоонун тулаңына жетти:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →