жута
- Жутка учуроо, малга тоют, жем-чөп жетишпөө, кыйынчылыкка кабылуу.
- Абдан ачыгып калуу, соргоктук менен тамактануу, жутуна опкоктонуу.
- Керектүү нерсенин жоктугунан жүдөө, жетишпей кыйналуу.
- Зарыл түрдө керек болуу, абдан зарылдыгын тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каарым жанбайт меники, / Ырыскандан кан ичип, / Талап албай кыргыздын, / Такоол болгон Таласын, / Жедигердин Шооругун, / Жеп жутамын баарысын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чогултуп туруп жутам деп, / Айбаа келет калдактап, / Эки чоро алдында, / Качып келет далдактап, / Канык баатыр Керкөкүл, / Тура калды жол сактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаңыдан чыккан Ороккыр, / Жабдыктын жайы мына ушу / Жыйырма беш кез бойу бар, / Жер жүзүнүн баарысын, / Жутамын деген ойу бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,— деп жооп берди берки.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Бул жерде бир ажыдаар бар, ал ажыдаар эртең баарын жутат деп жатат, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →