журт
- Көчүп кеткен айылдын, боз үйдүн мурдагы орду, эски конуш, калтырып кеткен эски жайы.
- Мекендеген, турук алган жай, конуш алган жер, конуш, өлкө.
- Белгилүү жерди жердеген айылдын, аймактын эли, калкы, жалпы эле көпчүлүк эл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атпай журт, сага айтаарым, / Кулак салып тыңшасаң, / Эртең күнгө шаршемби, / Аттанып үйдөн чыкпасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күчала жеп катыны, / Үйдө өлдү селейип, / Дабытайдын тактасын, / Тапшырып берип бирине, / Кененим шаардан аттанды: / “Кайда кетти Дабытай, / Бир күн тыным албаймын, / Аны таап баш албай, / Таласка барып кыргызга, / Айтып койуп журтума, / Андан кийин жөнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Өзүң тапкан өлүмгө, / Болуптур экен тим койсом, / Эл аманын билиптир, / Эр Алмамбет күлүптүр, / Журт аманын билиптир, / Султан Алмаң күлүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Не үчүн алып калбадың, / Ата журту Таласка?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →