жумшак
- Үлпүлдөгөн, кармоого назик, катуу эмес.
- Отурууга, жатууга, пайдаланууга ылайыкталып жумшакталып жасалган.
- Катып же кургап кала элек.
- Иштөөгө же иштетүүгө жеңил, борпоң, ийилгич.
- Жагымдуу, угумдуу (мис. үнгө карата).
- Акырын гана жорто соккон, катуу эмес (мисалы, желге карата).
- Бирөөгө жаман айтпаган, муңайым, мээримдүү, көңүлчөөк, катаал же каардуу эмес (кулк-мүнөз, жүрүш-туруш жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Текелер зоодо кыйналып, / Топозу жумшак тумшукта, / Айуулар жатак суур казып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ай, / Белин бекем буунуп, / Жалаң кылыч байланып, / Алп Агыштын үстүнө, / Ажыңыз кирди шайланып, / Керебет алтын тактада, / Олтурган экен алп Агыш, / Үлпөк жүн жумшак бахтада.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алып келди ортого, / Кабылан Бакай, Нескара, / Башкарчу уруш хандары, / Катар койгон тактага, / Жумшак мамык пахтага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Күндө чарчап келгенге карабастан ал койдон, мен жумуштан бошоп келгенден кийин мемиреген жумшак түндө көпкө чейин уктабай кобурашып жатаар элек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Болгон аны кароолчулар жумшаганын, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып барса, алтын кушту аларын айтат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →