жумша1
- Катуу же катыңкы, тоң нерселер суунун, нымдын, жылуулуктун ж.б. ташаруу.
- Көңүлү жибүү, каары, ачуусу жазылуу, айтканга муюп ийигүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шаңкайдын малын берсин, деп, / Саламат менен Ачакан, / Катары менен өлдү деп, / Буларды кайта жумшайын, / Жакшы кепке келишсе, / Жаңжалдашып жүрбөйүн, / Дабытай менен салышып, / Калдаңдашып жүрбөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ончоктун чатырда, / Жаткан экен жайкалып, / Арак сунуп кыз балдар, / Кериле басып чайпалып, / Бозуул кебин баштады: / — Угуп турган, эр Агыш, / Хан Манас бизди жумшады, / Нескара чыкты балбанга, / Чыгармак болду сени ага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…й, / Асталай басып жетти эле, / Азыркысын коргондо, / Иш башкарган Керменбай, / Айтып турат Сетертай: / — Эр Гүлүстөн, хан Сейтек, / Күмбөздөн мында келерде, / Жумшадыңыз сиз мени, / Сен ордого баргын, деп, / Эси жок катын Чачыкей, / От койуп кокус жиберет, / Аңкаарыгын аны, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушул келин, качан да мен бардым болду көчүгүмдү жер жыттатпай, жумшайт да отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Сени антип жүрсө, Мисир падышасынын Зыйфырым деген атагы чыккан кызы бар, күйөөңдү ошого барып кел деп жумша, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →