жумушчу
- Белгилүү кесипчилик боюнча өндүрүштө эмгектенип, жумушчулар табына кире турган эмгекчи массанын өкүлү.
- Өзүнүн иштөө күчүн сатып жан багууга аргасыз болгон жалданма ишчи, эмгекчи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чогулуп балдар бир күнү, / Ошол жерге барарды, / Айтып Балта угузду: / — Бир балаңа он киши, / Кылып бергин жумушчу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…е албай, / Салып жатаар төшөк жок, / Томолонуп жатуучу, / Эрлеринин кылганы, / Отун алып, бээ байлап, / Азандан туруп кой санап, / Эшиктин алдын тазалап, / Көп жумушчу болуучу, / Эркек-катын аралаш, / Кылган иши мына ушу, / Алике менен Сатике, / Мындай чоңдор болуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →