жумушкер

китептерде 5 жолу, 2 китепте
  1. сүйл. Жалданып жумуш иштеген адам.
  2. Жумуш иштөө үчүн бөлүнгөн күч унаа.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Азаматтын баарысын, / Араба менен чанага, / Жумушкер кылып бүт алды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аш кайнамда катты алды, / Бизди башка алпарды, / Бирден келин, үчтөн эр, / Жумушкерди жумшатты, / Бирден бедөө ат берди, / Тогуздан торко тон берди, / Баары көргөн билгенин, / Айтуучу ушул кат деди, / Көп кечикпей кайт, деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Агеркеч Көкчө жар экен, / Акылга мукам жан экен, / Агеркечке жумушкер, / Куйту күң деген бар экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үч төөгө бирден жумушкер, / Мунун жайы ушундай, / Жүккө колун тийгизбей, / Жүргөн сегиз киши бар, / Алардын кылар иши бар, / Баарысы бизге башчылар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аттангын, баатыр, Гүлчоро, / Киши алалы жумушкер, / Жайлоого барып, жер чалып, / Тоолордон кулжа, теке атып, / Тамаша кылып келели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →