жумуру

китептерде 29 жолу, 10 китепте
  1. Топтоголок топ формасында болбостон, бир аз сүйрүрөөк тарткан же жумуртка кебетеленип кеткен форма.
  2. Кырлары жок, цилиндр сыяктанып кеткен форма.
  3. Толуп чыңалып, толук көрүнүштө болгон форма.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ар канча мыкты болсо да, / Асыл өзү жаш бала, / Кененим кайрат кылалбайт, / Көз кызарып карганда, / Не да болсо көрөлүк, / Жумуру баш бир жанга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Угушумча Чигитей, / Кудай бетин салбасын, / Утур келип ошого, / Жумуру баш калбасын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ай, / Жакшы чыккан муруту, / Чоң балтанын сабындай, / Салкыны сырттын желиндей, / Сайышаарга жоо болсо, / Чоңдугу төөнүн нарындай, / Толкуну көлдүн шарындай, / Жумуру баш айры төш, / Пендеде мындай табылбай, / Алгара минип болкойуп, / Темирден найза койкойуп, / Барча тоодой зоңкойуп, / Турган экен жамынып, / Көзүнөн жалын ча… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкейден кеп кетип, / Тепелең деген бир келин, / Чуркаган бойдон ал жетип, / Көрүнүп турган өпкө-боор, / Ичеги, карын, жумурун, / Беш жеринен кескени, / Канчоро өлүп кетти эми, / Кылчайып туруп ошондо, / Каныкей айткан бир кеби: / — Өлүгүн таштап салбаңар, / Кескилеп алган эт да бар, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ар санааны Сомбилек, / Ар тараптан ойлоду: / “Жумуру башта мендейди, / Жапаага жасап койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →