жумуртка

китептерде 28 жолу, 6 китепте
  1. Канаттуулардын, таш баканын жана жумурткалай турган кээ бир башка жаныбарлардын сырты кабык менен капталып сүйрүрөөк жумуру же тоголок келген жаңы организм чыгаруучу уруктук заты, тукуму.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Талгагына келинге, / Алп каракуш, жолборстун, / Жумурткасын, жүрөгүн, / Таап келип беришти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Арпанын башы жайыктан, / Ак жумуртка туйуктан, / Акшумкар чайкап куш кылган, / Айкөл шерге туш кылган” / Ырчылар ырдап жүргөнү, / Ошондон калды деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…асын чоң куштун, / Дегдеген жүрөк жолборстун, / Экөөн тең барып колуна, / Чыныкеге Кененим: / “Келинге барып жолгошкун, / Мурун жолборс деп айтса, / Кийин десе жумуртка, / Мен айтайын Чыныке, / Жашырбайын келинге, / Баргынчакты унутпа, / Эгиз эркек тууйт экен, / Карыганда Кененим, / Курчанып белин бууйт экен, / Мурун жерге түш… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Үч-төрт жумуртка, эки кескен нан койду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир күнү чал беш-алты жумурткасын алып, "падышанын тоогунун жумурткасына салыштырамын", деп падышанын сарайына барат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →