жумур1

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Уй, кой сыяктуу кепшөөчү жаныбарлардын тогуз катка бириккен тамак сиңирүүчү ички органы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан Кетиркей, Чакмакташ, / Жагалмай менен Кардыгач, / Кармаша берсек өчөшүп, / Калбайт эле жумур баш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айлантып суусун чачтырып, / Садагасын чаптырып, / Сарыбашыл койун мууздатып, / Кембагалга уучтатып, / Сарыбашыл уйун талатып, / Жыйылып келип топтолгон, / Жашы-жалаңы, кары-жаш, / Баатыр эрди карашып, / Эки айактуу жумур баш, / Көргөндүн баары жаратып, / Чолпондой жүзү нурланган, / Чоктой көзү кызарган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Эки айактуу, жумур баш, / Бендеден чыккан бир балаа, / Аркасынан караса, / Эки далы айнеги, / Тай чабуучу бир талаа. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мурду жалпак, бүтүк көз, / Эки айак кара жумур баш, / Болбосо адам өңдөнбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жылкыдан жылма жүн менен, / Койдой коңур үн менен, / Кутубай менен жети хан, / Жумур сырын чечишти, / Көрбөгөн да билбеген, / Жөн киши болуп кетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →