жума

китептерде 39 жолу, 10 китепте
  1. Бейшембиден кийинки күндүн аты.
  2. Дүйшөмбүдөн жекшембиге чейинки жети күнгө барабар убакыт, жети күндүк мезгил.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ыраңгиси көп болсун, / Аз болбосун, көп болсун, / Келер апта бейшемби, / Уй башына кишиден, / Аз болгондо экиден, / Кеңколдоку күмбөзгө, / Калбай тегиз шай болсун, / Бейшемби күнү барасың, / Жума күн өрүн аласың, / Ишемби күнү жанасың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карап туруп Кыйарды, / Жамандыгы көрүнсө, / Кошо өлсөм экен, деп, / Өлүм жактын камын жеп: / “Көзүм тирүү турганда, / Караанын көрүп турайын, / Боло албай кетип баратса, / Жамандыгын көргүнчө, / Мурун көзүм жумайын, / Бок дүйнөгө байланып, / Жарыкка кантип турайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кубулжуп Манас жазылып, / Кубаныч кирди баарына, / Шаттык ойун баштады, / Бир жумадан бир жума. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант берген. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Арадан бир жума өттү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →