жулмала
- Улам бир жеринен кармалап тарткылоо, тытмалоо, уйпалай жулкулдатуу, жулка тарткылоо.
- Жулкулдашып урушуу, чапчылашып кармашуу, чачын жулуу, тытышуу (көбүнчө аялдар жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алмамбетти өлтүрүп, / Куурайдай мойнун кыйыңар, / Агеркечти жулмалап, / Желке чачын кыркыңар, / Кементайды кийгизип, / Кер байталды мингизип, / Алып барып таштаңар, / Карахандын шаарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көрүп кыздар шашылып, / Жапаны тарткан байкуштар, / Кызматын кылган эрлерге, / Кылчайып артын карабай, / Жаадыкөйдүн башында, / Чачынан сүйрөп жулмалайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөн чоро кат жазган, / Көп жазбаган аз жазган: / “Жулмалашып, чукушпай, / Эр сайышып, беттешип, / Урушалы — деп жазган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Айтпаймын эле, айтпаймын, – деп Наабатты жулмалап баштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →