жулкун

китептерде 17 жолу, 6 китепте
  1. Алга карай обдула умтулуу, бошонуп же бөлүнүп чыгууга аракеттенип жулуна кыймылдоо.
  2. Олуна алкынуу, булкулдап албууттануу.
  3. Окторулуп ыргыштаган өктөм жүрүштө болуу, чамынып атырылган абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чатырды тигип кулпунтуп, / Шамаал чайкап жулкунтуп, / Кайыпты уулап бөлүнтүп, / Агызып канын төгүлтүп, / Кыр-кырда жүргөн Жедигер, / Турнабай менен көрүшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна, / Алоолонтуп жулкунтуп, / Кутурган иттей арсылдап, / Азуулары карсылдап, / Жер дүңкүлдөп дабырты, / Жетип келди чукулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Капташып калды туш болуп, / Кытайлардын көпүрө, / Алдыма кирип сен бассаң, / Көпүрөдөн өткөнчө, - / Алмамбеттен кеп угуп, / Атың мыкты деп угуп, / Баштап жолду жөнөдү, / Кайран Чубак жулкунуп, / Чуйт дедире камчы уруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сойбой болбойт муну»-дөө, / Сундуруп найза жулкунуп / Өлтүрөм деп булкунуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деди берки, коё бер деп жулкунуп. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →