жулкулда

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Илгери, алга карай жулунуу, токтолбой жулкунган абалда болуу.
  2. Ээ-жаа бербей алкынуу, токтоно албай каны кызуу, булкулоо, Алкылдап-жулкулдап аялы келип кетти («Ала-Тоо»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошондо ыйлап Ламасы, / Мурутун булкуп ыргытып, / Сакалын жулкуп ыргытып, / Мурдунан суусу булактай, / Жамгырдай жашы төгүлүп, / Алдындагы Бекбача, / Ал Ламанын көзүнө, / Азирейил көрүнүп, / Акырет алып кетчүдөй, / Булкулдатып жөнөдү, / Чылбырдан алып сүйрөтүп, / Жулкулдатып жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Суу айланып кулкулдап, / Үнү угулуп чулкулдап, / Эри өлгөнсүп жулкулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →