жулк
- Күч менен катуу тартуу, булка тартуу, үзүп, жулуп алуу.
- Оозун бербей, тарттырбай басуу (мисалы, минген унаа), жулуна жөнөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошондо ыйлап Ламасы, / Мурутун булкуп ыргытып, / Сакалын жулкуп ыргытып, / Мурдунан суусу булактай, / Жамгырдай жашы төгүлүп, / Алдындагы Бекбача, / Ал Ламанын көзүнө, / Азирейил көрүнүп, / Акырет алып кетчүдөй, / Булкулдатып жөнөдү, / Чылбырдан алып сүйрөтүп, / Жулкулдатып жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ним, / Карс-карс күлүп жиберип, / Күнгө кургап калгандай, / Куу сары болгон мурутум, / Булкуп кармап имерип, / Кан куйгандай кызарган, / Керебе сары сакалды, / Жулкуп кармап сыланып, / Каалгадай кашка тиш, / Маңдайынан кылайтып, / Кененим турду муну айтып: / Мурунтан калмак, адатың, / Алдап туруп амалдап, / Чыр тапмак ата са…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сойлотуп Чубак эрлерин, / Пил менен калды булкушуп, / Тарткандай улак жулкушуп, / Тумшуктан Чубак алыптыр, / Тумшугун сууруп ала албай, / Туруп пили калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Как ушундай жулкушту, / Ар кандай жерде кылгыдай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Баягы аял чөп жулганы эңкейе бергеңде кемпир койнунан бычагын сууруп чыгып, бир саят.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →