жул

китептерде 162 жолу, 10 китепте
  1. Турган, өскөн жеринен түбү, тамыры менен үзүп алуу, сууруп алуу, булкуу.
  2. Бирөөгө тиешелүү нерсени тартып алуу, колунан сууруп алуу, күч менен алып коюу.
  3. Сөзүн бөлүү, сүйлөп жаткан кишини сүйлөтпөй жолтоо кылып өзү сүйлөй баштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Козубектен кеп угуп, / Чалдын баары оолугуп, / Жеркендеки Малабек, / Мен барам деп куйугуп, / Азыкдагы Алабек, / Мен барам деп жулунуп, / Биринен-бири сураса, / Алабек менен Малабек, / Токсон беште тең экен, / Козубек бир жаш чоң экен, / Анда айтат Козубек: / — Жашым менин чоң экен, / Жол тала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимден кеп угуп, / Кекээр кептен жеме угуп, / Токтоно албай Талана, / Ачбөрүдөй жулунуп, / Найзасын күүлөп акырып, / Дабытайлап бакырып, / Кененимге бул айбан, / Келип тийди качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ат үстүндө жулушуп, / Соотторун булушуп, / Этектен түрө кармашып, / Үзөнгү боого салышып, / Ажыратып кете албай, / Айсарала, буурул ат- / Аттары турат тайышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошентип, тайгандар оозунан жулдурган бөрүдөй болуп, аңкайып сыртта туруп калышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →