жукар
- Жука болуу, жука тартуу, жука абалга келүү.
- Коюу, түнөргөн нерсе тароо, сейрек тартуу.
- Арып-азуу, жышылуу.
- Байымы жок боло баштоо, чыдамсыз боло баштоо, көтөрүмдүүлүгү төмөндөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алым салык салыптыр, / Чыдайалбай алымга, / Жукаргансып калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ахмеддин наны саал жукараак экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →