жубар
- Асыл таш.
- Аппак, тунук, таза.
- өт. «Аппагым», «асылым», «сүйгөнүм» маанисинде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аа болбосоң Бекбача, / Кылычты канга жубарсың, / Таңгыттын элин кырасың, / Бийагы Кытай, Каканга, / Алды Индистан буларга, / Талатып ийип тынарсың, / Сапырылып биздин эл, / Шаар аралап кетебиз, / Ушунча эл бузулса, / Убара болор Бекбача?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Телкызыл минип каргытып, / Артынан түшүп кубарсың, / Кылычты канга жубарсың, / Айтканыма кулак сал, / Абайлап байкап угарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →