жубан2

китептерде 46 жолу, 8 китепте жубан 1 →
  1. Көңүлү, санаасы, ою тынчуу, тынч алуу, уюу, сооронуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Катындары уйаттуу, / Кыз балдары кымбаттуу, / Жубандары сымбаттуу, / Келиндери келбеттүү, / Бай-жардысын билгисиз, / Баарысы шуру-берметтүү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Муруту чыгып келе аткан, / Керилген жаадай улан көп, / Атка бергис кунан көп, / Кызга бергис жубан көп, / Жасалгалуу үйү көп, / Салтанаттын түрү көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…к, Карадөө, / Баштарын кесип байланып, / Ак күмбөздү талкалап, / Арстандын таап өлүгүн, / Отко салып куйкалап, / Сыр коргонду кулатып, / Түптүз кылып уратып, / Жубан-келин, кызды алып, / Малды айдатып чубатып, / Эркек киндик дегинди, / Баарысын сойуп сулатып, / Кетемин деп ойунда, / Чыккан болчу бул акмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кантип тынсын Калдуубет, / Уландарын кул кылбай, / Босого маңдай, бото көз, / Жубандарын күң кылбай, / Намысын кыздын кетирип, / Жер тиктетип кем кылбай, / Айап койбойт душмандар, / Аргымакты тер кылбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →