жубай

китептерде 21 жолу, 7 китепте
  1. Баш кошкон аял-эркек, эрди-катындын бири.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Батасы журтту байыткан, / Олуйа Кошой баатырдын, / Олутун баскан Жалгызек, / Агам асыл эр эсте, / Нурфану менен жубайым, / Унутуп аны калбаймын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрпөкө деген кыз экен, / Даңкы менен Шооруктун, / Накылай деп калышты, / Көрктүүсү кыздын ушу экен, / Көрпөкөнү Чубакка, / Жубай кыла салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абдан жайын укканмын, / Жок экен алган жубайы, / Жаратпады мени деп, / Ичинде бар убайы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ак никелүү жубайдан, / Сандаган журттум түрк болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Калдуубет качып жоголду, / Эркиме менин жол койду, / Калдуубет шаары Чамбыл бел, / Тагына түркмөн ээ болду, / Түбү бизге жээн экен, / Эл талашкан Тынымкан, / Мага жубай тең болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →