жошул
- Кан, суюктук сызылып чыгуу, жошого чылангандай жайылуу, агуу.
- Жайкалуу, көйкөлүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросон менен жедигер, / Кырылып көбү түгөндү, / Кызыл кан агып жошулду, / Кыйаматка кошулду, / Кырдырып колун түгөтүп, / Хан Каракөз, Салаалар, / Кабагын бүркөп түнөрдү, / Мындан турган биз өлүп, / Испанда жаткан эл өлүп, / Эки та…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ун алп качып жоголуп, / Көпчүлүктү аралап, / Манастын уулу Кененим, / Эр көкүрөк эрениң: / “Каптап келген калмакка, / Карбалас кыргыз кошулар, / Кызыл кан агып жошулар, / Бөөдөсүнөн кыргыздар, / Кыргын болор ушулар” / Деп ойлонуп алганы, / Бактыбайлап бакырып, / Эр Сүйүн деп чакырып, / Чолпонбай деп акырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…зарып, / Учу өрттөй кызарып, / Бирден шилтеп өткөндө, / Эки жүздөн башты алып, / Кетип барат черүүнү, / Чапкан чөптөй жуушатып, / Чактабай уруш салыптыр, / Кан жошулуп агыптыр, / Эрегишип элебей, / Жылдыз чыгып калыптыр, / Айжаңжүн берип буйругун, / Керней менен сурнайдын, / Үнү чыгып калыптыр, / Ажалдан калган тирүүсү, / Ажы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейитинин кылычтан, / Кан жошулат себээлеп, / Калкан туткан жандарды, / Кара жерге тебээлеп, / Балбандын баарын жеп болду, / Бук ичиме жык толду, / Качып келген желмогуз, / Арка болуп Тапан хан, / Эл азайып жок болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шаркырап аккан кызыл кан, / Аккан сууга жошулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →