жошоло
- Жошо менен боёо, жошодой кызгылт түс берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Соотторун булушуп, / Бүчүлүгүн үзүшүп, / Буулуп жерге түшүрүп, / Билектери сойулуп, / Колдо бүтүн калган жок, / Жака-жеңин бүлүнүп, / Тондо бүтүн калган жок, / Жошологон челектей, / Башта бүтүн калган жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошондой үйдөн жетөөнө, / Кыдырата алпарды, / Жошологон челектей, / Бүткөн бойу кандалды, / Чыкпаган тирүү жан калды, / Коркуп булар сандалды, / Кайра айлантып абалды, / Киргизген үйгө алпарды, / Эси чыгып байкуштар, / Чай кайнамдын ичинде, / Өңдөн азып саргарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көрүнбөйсүң деги, — деп / Көптөп кетти мени,- деп / Жошологон челектей, / Баш шишиген андан көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жошологон желектей, / Башы турат чулуйуп, / Шишик басып кетиптир, / Кулагы жок мулуйуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Далыдан аккан кызыл кан, / Көк буканы жошолоп, / Соорусунан куйулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →