жортуулчу

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Жортуулга чыгуучу, жортуул жасоочу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөдөндөрү жылганын, / Көмөскөлүү жери тар, / Ышкырынып жаңырык, / Заңкайган бийик зоосу бар, / Аржаккы оозу жылганын, / Жери чаңдак шор болчу, / Будурмак адыр коо болчу, / Илгерки өткөн баатырлар, / Ошол жерден жиберип, / Жортуулчудан из чалчуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / Кармашса колду күйдүргөн, / Табы күчтүү чок жигит, / Баарын Манас жыйнаптыр, / Көп элде мындай жок жигит, / Төлгөчү менен далычы, / Из куугандын баарысы, / Жортуулчу менен кайгуучу, / Жол бойунда туруучу, / Сыйкыр билген, жай билген, / Сыймыктуу Манас турбайбы, / Ушулар баары бир жүргөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыйналып турган кезиңер, / Коросондун жолуна, / Жаштык кылып жалтанбай, / Жортуулчу болсо апкаарбай, / Барып келет иниңер. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жортуулчу келген экен деп, / Ашыгып калдым мен жаман, / Аңгычакты болбоду, / Төөлөрдү чиркеп колбутуп, / Көчү чыкты аркадан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жортуулчубу из чалган, / Бул эмине киши? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →