жортуулда

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Жортуулга чыгуу, чаап-талап алуу ж.б. максаттарда атайын жүрүшкө чыгуу.
  2. Жортуп кезип чыгуу, олжо-буйла же бир нерсе издеп чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйшык айткан сөз болбос, / Кылычым болду бир жолборс, / Жортуулда бирге чоромдой, / Жолборс болду маа жолдош, / Ай талаанын бетине, / Жолборс жолдош кашымда, / Алдыман дөбө кезикти, / Бирге чыктык башына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек баатыр ошондо: / — Алыке менен Сатыке, / Жортуулда жүрүп талаада, / Бут-колду чечип жаттык деп, / Бир киши келип бир четтен, / Экини жара тартты деп, / Бул айтканың кандай кеп?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →