жортуул
- Жоого каршы багытталган жүрүш, чаап алуу, багындыруу, мал тийип алуу ж.б. максаттарда жүргүзүлгөн жүрүш, жоого каршы аттануу, салгылашуу аракеттери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муну мындай таштайлы, / Бекбачанын Таңгытка, / Жортуулунан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Как ыргайга саптаган, / Пил терисин каптаган, / Жерден өөдө кыла албай, / Көп кишилер көгөргөн, / Жортуул күнү болгондо, / Жоболоңдуу Ажыбай, / Кокуйлап жүрүп өңөргөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Угуп калып душманың, / Сөз байлашып жатканын, / Эки жору бул элге, / Баралы деп жортуулга, / Ойдогу кебин айтканын, / Жеткиргели өзүңө, / Келген элем арстаным!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Наабат өзүнүн тамагынан берип, эки агасын калтырып, өзү жалгыз жортуулга жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Жээренченин баласы жаш бышты атты минип, эл менен кошо жортуулга барат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →