жорт

китептерде 21 жолу, 7 китепте
  1. Сыдыра согуп жел жүрүү, жел катуу шамалга айланбай жана таптакыр тынчып да калбай жүрүп туруу.
  2. Дөкүлдөп желе жүргөн жүрүштө болуу, желе жүрүү.
  3. Узак убакытка же тынымсыз көпкө созулган жүрүшкө, чабытка, жортуулга ж.б. чыгуу, кыдырып чыгуу, жер кезүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жортормон өскөн Субатай, / Он беш күн бекер жатчу эмес, / Каңгайдан жылкы кууп албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кырк жылдан бери Бирмыскал, / Кыраан Алмаң күйгөндө, / Кызыл өңү кубарып, / Кыйноону тартып жүргөндө, / Кыргыз жортуп Туңшага, / Кыйамы келди бул күндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бет маңдайын караса, / Каңшаар кара зоо болуп, / Мойнун толгоп караса, / Карышкыр жортуп өткүсүз, / Капчал кара коо болуп, / Башын өөдө кылдырбай, / Шилисинен басыптыр, / Кайгысы кара тоо болуп, / Кайгырып ичтен кан өтүп, / Калп эле ыкшып жөтөлүп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жергелетип төрт баатыр, / Желе, жорто келатыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Күндөрдүн биринде жортуп келатып, Карышкыр канаты сынган Карчыгага кезикти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →