жоромолдо

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Бир нерсенин дайынын так, ачык билбей туруп алдын ала ой-пикирин айтып болжолдоо, ой жүгүртүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бул Шадыкандын зайыбы болуу керек деп жоромолдодум. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кайраттанган Абылай Күлдүркандын шаарына да жакындап келип алыстан көрүп, ушул болсо керек деп жоромолдоду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →