жорголо

китептерде 22 жолу, 8 китепте
  1. Эки оң жак буту менен эки сол жак буттарын тең шилтеп чайпала чуркоо, жүгүрүү, жорго жүрүштө жүрүү (көбүнчө жылкыга карата).
  2. өт. Тез жана кылтылдай, термеле өткөн, аккан ж.б. кыймылда, абалда болуу.
  3. өт. Кошомат кылуу, жагынуу, бөйпөңдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…у менен жер сайып, / Мурдунан каны шорголоп, / Жаныңда калбай жалгыз ит, / Маңгыттардын тобуна, / Качып кирди корголоп, / Элкиндей басып Майтору, / Кетип барат жорголоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кынтык болуп бут бүттү, / Бузулбай колу сак бүттү, / Ортодо үч жыл күн бүттү, / Атайлап барган Медеркан, / Жорголотуп кеп салган: / — Жолугушсам дечү элем, / Өз ойумда мен саган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ы, / Кыйын кылыч мына ошо, / Армансыз болсоң калмак деп, / Карап турду Кененим, / Кылычын кындан тартканда, / Жылтылдады калмактын; / Алдында минген тулпары, / Жорголой басып арыштап, / Кылтылдады калмактын; / Күлкүсү чыгып кылыңдап, / Шылкылдады калмактын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…де, / Канча итке тийгенде, / Каны агып шорголоп, / Калган иттин барысы, / Кырчоого такап көчүгүн, / Үй–үйүнө корголоп, / Алдына минген Карткүрөң, / Жүрүп кетти жорголоп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Учуп кетет калкылдап, / Канаты күндөй жалтылдап, / Узарып барып токтолот, / Ай караңгы түндөрдө, / Күйгөн шамдай жылтылдап, / Келе жатат Желжетпес, / Жорголой басып кылтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →