жорго

китептерде 120 жолу, 9 китепте
  1. Эки оң жак, эки сол жак буттарын тең шилтеп, чайпала, теңселе жүргөн, ылдам басык, көбүнчө жылкынын чуркоо ыгы, жүрүшү.
  2. Жоргологон жүрүшү бар жылкы.
  3. Оң жак, сол жак буттарын тең шилтеп, чайпала же кыдыңдай жүргөн жүрүшү бар (көбүнчө жылкыга карата).
  4. өт. Ырчы, акын, шайыр, сөзмөр же өтө элпек мамиле жасаган жаш адамдарга карата эпитет катарында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Буудайык хандын Музбурчак, / Сакалы келген бир кучак, / Саадагы күмүш, карк алтын, / Салтанаттуу көп казак, / Жеткен экен жол менен, / Сексен төрт санча кол менен, / Кол эсебин алды эле, / Колун катка салды эле, / Өзүмдүн досум дегенсип, / Көк жоргосун түйүлтүп, / Куйругун жерге шүйүлтүп, / Баштап Бакай жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдындагы жоргосун, / Чойт камчылап Чойтолоң: / — Тапак болбой жерге кир, / Жарты тоодой зоңкойгон! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кызылдан кылдап кийгиздим, / Желбестен жорго мингиздим, / Манастын уулу деп жүрдүм, / Качан башка дегиздим?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Улак тартчу немедей, / Жабдыгы жок колунда, / Найзасын жанга сүйрөтүп, / Жорго менен жойпутуп, / Кетип барат ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →