жоошу

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Шоктугу, тентектиги жоюлуу же басаңчалоо, тынч, муңайым жүрүш-турушта болуу.
  2. Ачуусу, жини тароо, албууттанганы, кызууланганы ж.б. басылуу.
  3. Азоолонбой, үркпөй же селтеңдеген абалда болбой жоош абалга келүү, жоош болуп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кан жоошулду боорунан, / Канжары түштү колунан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оорагы Манас уулумда, / Оңой эмес Сыргагым, / Жоошуп туруп түз айтат, / Акылы терең Серегим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыйаз келип Чүрөккө, / Тапшырган болуп тору атты, / Сыр алууну тооруду, / Тооторусу жалдырап, / Сүйлөй албай жоошуду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Энем да күндөкүдөй эмес, көздөрү коркунучтуу, чарасынан чыгып, көкүрөгү кырылдап, билинер-билинбес дем алып, улам жоошуп кетип баратат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир топтон кийин жоошуган өңдөнгөн дабыш менен кемпир: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →