жооптош

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Өз ара сүйлөшүп бири-бирине оюн, пикирин айтышуу, коюлган маселелер боюнча бири-биринен жооп алышуу, сүйлөшүп макулдашуу, кабарлашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арага киши салалы, / Жооптошуп жаналы, / Азуусун айга бүлөгөн, / Эр болсо издеп табалы, / Хан Каракөз айткандай, / Амалкөйдөн таап алып, / Анан келе калалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөдөктүк кылып, Каракөк, / Жолунда жаткан Жалгызек, / Жооптошуп албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Дайынын анык билейин, / Баш кишисин айтып бер, / Жооптошуп келейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →