жоопсуз

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Жоопкерсиздик, өзүн жооптуумун деп эсептебегендик.
  2. Жооп кайтарылбастык, жооп берилбестен.
  3. сүйл. Уруксатсыз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чаптырган Кыргыз жаталбай, / Дарты ичине баталбай, / Же айкөл Манас баатырга, / Арызын жетип айта албай, / Жолду койду бекитип, / Жоопсуз киши басалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ардактуу азиз ханыбыз, / Арызына кулдардын, / Жооп бере салыңыз, / Жоопсуз чыксак эшикке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →